ЖЫЛНААМА, 11-сентябрь: Төлөмүш Океев тирүү болгондо быйыл 91 жашка чыкмак
Кыргыз киносунун тарыхында өзүнүн кайталангыс изин калтырган залкар режиссёрлордун бири Төлөмүш Океев көзү тирүү болгондо быйыл 91 жашка толмок. Ал тарткан тасмалар аркылуу кыргыздын жашоо-турмушун, салтын, жаратылышын жана адамдык баалуулуктарын дүйнөгө тааныткан.
Төлөмүш Океев 1935-жылы 11-сентябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында төрөлгөн. Ал жөнөкөй айылдык үй-бүлөдөн чыгып, бала кезинен эмгек менен билимди айкалыштырып чоңойгон. Айрым эскерүүлөрдө анын согуш жылдарындагы балалыгы да чыгармачылыгына таасир эткени айтылат. Кийин ал ошол кездеги турмушту "Биздин балалыктын асманы" тасмасында чагылдырган.
Кино дүйнөсүнө үн оператор болуп келген
Океев алгач режиссёр эмес, үн оператору болууну көздөгөн. Ленинграддагы киноинженерлер институтунун үн операторлук бөлүмүн 1958-жылы аяктап, "Кыргызфильмде" эмгек жолун үн оператору катары баштаган. Бирок анын чыгармачылык изденүүсү муну менен токтогон эмес.
Кийин Москвадагы ВГИКтин режиссёрлук жана сценаристтик багытындагы жогорку курстарында билим алып, өзүн режиссёр катары көрсөтө баштаган.
Анын режиссёр катары алгачкы ири ийгиликтеринин бири "Биздин балалыктын асманы" тасмасы. 1966-жылы тартылган бул фильмде айылдагы турмуш, ата-эне менен баланын ортосундагы мамиле жана салттуу жашоо менен жаңы доордун ортосундагы карама-каршылык баяндалат. Тасма бир нече эл аралык жана союздук кинофестивалдарда сыйлыктарга татыган.
"Кызыл алма" жана Айтматовдун чыгармасы
Океевдин чыгармачылыгындагы өзгөчө эмгектердин бири 1975-жылы жарык көргөн бул фильм Чыңгыз Айтматовдун ошол эле аталыштагы чыгармасынын негизинде тартылган "Кызыл алма" тасмасы.
Тасма Москвадагы эл аралык кинофестивалдын ачылыш тасмасы болуп, атайын сыйлык алган. Ошондой эле Швейцариядагы Локарно эл аралык кинофестивалында ардак дипломго татыган.
Океевдин фильмдеринде адамдын ички дүйнөсү, сүйүү, мекен, салт жана моралдык тандоо сыяктуу темалар көп чагылдырылган.
"Ак илбирстин тукуму" - дүйнөгө таанылуу кадамы
Режиссёрдун эң белгилүү эмгектеринин бири "Ак илбирстин тукуму" тасмасы болду. 1984-жылы тартылган фильм кыргыздын тоолуу аймагындагы адамдардын жашоосун жана табият менен болгон байланышын баяндайт.
Бул тасма 1985-жылы Берлин эл аралык кинофестивалынын негизги программасына катышып, Океевге "Күмүш аюу" сыйлыгын алып келген. Бул кыргыз киносунун дүйнөлүк аренадагы эң маанилүү жетишкендиктеринин бири болуп калды.
Алты эл аралык фестивалдын лауреаты
Төлөмүш Океевдин тасмалары Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да жогорку баага татыган. Анын "Биздин балалыктын асманы", "Отко таазим", "Карамүртөз", "Кызыл алма", "Улан", "Ак илбирстин тукуму" сыяктуу эмгектери ар кандай кинофестивалдарда сыйлыктарды алган.
Мисалы, "Биздин балалыктын асманы" тасмасы Франкфурт, Триест жана башка фестивалдарда байгелерге ээ болгон. "Карамүртөз" Локарно фестивалында ардак диплом алган. "Кызыл алма" да Локарнодо жогорку баага татыган.
Океевдин чыгармачылыгы ушунчалык жогору баалангандыктан, ал кийин эл аралык кинофестивалдарда калыстар тобунун мүчөсү да болгон. 1973-жылы Москва эл аралык кинофестивалынын калыстар тобуна кирсе, 1999-жылы дагы ал топто иштеген.
Кинону дипломатия менен айкалыштырган
Төлөмүш Океевдин өмүр жолу кино менен гана чектелген эмес. Ал коомдук жана мамлекеттик иштерге да активдүү катышкан.
1980–1988-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты, 1989–1991-жылдары СССРдин Жогорку Советинин депутаты болгон. Ошондой эле Кыргызстандын кинематографисттер союзунда жетекчилик кызматтарды аркалаган.
Эгемендүүлүк жылдарында Океев Кыргызстандын Түркиядагы алгачкы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеген. 1993–1998-жылдары дипломатиялык кызматта болуп, эки өлкөнүн маданий жана дипломатиялык байланыштарынын өнүгүшүнө салым кошкон.
Анын аты бүгүн да жашап келет
Төлөмүш Океев 2001-жылдын 18-декабрында Анкара шаарында 66 жашында дүйнөдөн кайткан.
Анын эмгеги бүгүн да унутулган жок. 2002-жылы "Кыргызфильм" киностудиясына залкар режиссёрдун аты берилген.
Төлөмүш Океев кыргыз киносун жөн гана тарткан режиссёр эмес, кыргыздын дүйнөсүн экран аркылуу дүйнөгө көрсөтө алган чыгармачыл инсан болгон. Анын тасмаларында кыргыздын тоолору, талаасы, көчмөн турмушу менен катар адамдын ички дүйнөсү, сүйүүсү, ар-намысы жана жашоо үчүн күрөшү сүрөттөлгөн.
Бүгүн анын тасмалары кыргыз кино өнөрүнүн алтын фондусунда сакталып, кийинки муундар үчүн баалуу мурас болуп калууда.
11-сентябрга карата жылнаама.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















