Эки кур, бир чемпион: Ражабали Шайдуллаев күйөрмандарына ыраазычылык билдирди (видео)
RIZIN жана PFL уюмдарынын чемпиону Ражабали Шайдуллаев беттештен кийин аны колдогон кыргызстандык ММА күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирди.
Эскерте кетсек, Шайдуллаев 10-сентябрда Япониянын Осака шаарында өткөн Super RIZIN 5 турниринин башкы беттешинде америкалык Эй Жей Маккини жеңип, эки чемпиондук курдун ээси болду. Ал RIZINдин жарым жеңил салмактагы чемпиондук наамын сактап, ошол эле учурда PFL'дин бош турган чемпиондук титулун алды.
Беттеш үч раундга созулуп, кыргызстандык мушкер калыстардын бир добуштан чечими менен жеңишке жетти. Ошентип, анын профессионалдык карьерасындагы жеңиштеринин саны 20га жетти.
Эки кур, бир чемпион. Ражабали Шайдуллаев күйөрмандарына ыраазычылык билдирди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















