Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата Ошто улуттук оюндар боюнча мелдеш өттү
Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Ош шаарындагы Токтогул атындагы эс алуу багында улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдеш уюштурулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Иш-чараны Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитети уюштуруп, анда катышуучулар таяк тартышуу, аркан тартыш, оордуктарды көтөрүү жана башка улуттук оюндар боюнча күч сынашты.
Мелдештин жүрүшүндө спортчулар күчүн, шамдагайлыгын жана чыдамкайлыгын көрсөтүп, байгелүү орундар үчүн ат салышты.
Спорттук иш-чара майрамдык маанайда өтүп, улуттук оюндарды жайылтууга жана сергек жашоо образын калыптандырууга багытталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















