Бишкекте соода түйүнүдө эскалатордон кулап, жаракат алган бала ооруканадан чыкты
Бишкектеги соода борборлорунун биринде эскалатордон кулап, оор абалда ооруканага түшкөн 2021-жылы туулган бала бир айдан соң дарыланып үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу кечээ, 12-сентябрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Эскерте кетсек, каргашалуу окуя 11-августта болгон. Бала эс-учун жоготуп, оор абалда ооруканага жеткирилип, баш мээсинен жаракат алгандыгы аныкталган. Дарыгерлер ага шашылыш операция жасап, бир нече күндөн кийин бала эсине келген.
"Бир ай бою дарыланып, реабилитациядан өткөндөн кийин анын абалы жакшырды. Учурда бала өз алдынча басып, сүйлөп, ойноп, чуркай алат. Ооруканадан чыгар алдында саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов баладан кабар алып, дарыгерлерге анын өмүрүн сактап калганы жана калыбына келишине жардам бергени үчүн ыраазычылык билдирди", - деп белгиленди маалыматта.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















