Польшада казак менен америкалык мушкердин беттеши массалык мушташка айланды (видео)
Польшанын Краков шаарында өтүп жаткан ADCC 2026 дүйнө чемпиондугунда массалык мушташ катталды.
Чет элдик спорт басылмалары билдиргендей, 66 килограмм салмактагы беттеште казакстандык Бекзат Капашов менен америкалык Дориан Оливарес күч сынашкан. Беттеш учурунда Оливарес атаандашынын тиштеп алганын жана эрежени бузганын айтып нааразы болгон. Кийин ал Капашовду чаап жибергенден кийин кармаш токтотулган.
Бир аз убакыттан кийин беттеш кайра уланып, Оливарес муунтуу ыкмасы менен жеңишке жеткен. Бирок беттештен кийинки чыңалуу күчөп, эки спортчунун күйөрмандарынын ортосунда массалык мушташ чыккан.
Окуяга америкалык грэпплингдин легендасы, ADCCнин көп жолку чемпиону Гордон Райан да аралашкан. Ал Оливарестин машыктыруучусу катары анын бурчунда турган. Видеолордо Райанга бир нече адам кол салганы көрүнөт.
Окуядан кийин ADCC уюштуруучулары Дориан Оливарес менен Бекзат Капашовду мелдештен чыгарып, экөөнө тең бир жылдык дисквалификация жарыялашты. Оливарестин ордуна кийинки баскычта запастагы спортчу Оуэн Жонс чыгары белгиленди.
ADCC 2026 дүйнө чемпиондугу 12–13-сентябрда Польшанын Краков шаарындагы Tauron Arenaда өтүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















