Umai Group жаңы корпоративдик түзүмүн жарыялады

Жаңы бирдиктүү түзүм Umai Group компаниялар тобунун бизнесинин өнүгүшүн чагылдырып, чекене соода, логистика, дистрибуция жана башка аймактык долбоорлордун мындан аркы өсүшүнө негиз түзөт.
Бишкек, Кыргыз Республикасы, 2026-жылдын 14-сентябры – Umai Group өзүнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабына өткөнүн жана жаңы корпоративдик түзүмдү түзгөнүн жарыялады. Анын алкагында Umai Group Борбор Азиядагы Топтун учурдагы бизнес багыттарын жана келечектеги долбоорлорун бириктирген холдингдик компания катары иш алып барат.
20 жылдан ашуун убакыт ичинде Umai Group бир дүкөндөн Кыргызстандагы керектөө секторунун эң ири компаниясына чейин өсүп жетти. Бүгүнкү күндө Топтун ишмердүүлүгү чекене соода менен гана чектелбестен, заманбап логистикалык инфраструктураны, өз өндүрүшүн жана башка багыттарды өнүктүрүүнү камтыйт.
Umai Group холдингинин түзүлүшү бизнес багыттарынын ортосундагы синергияны пайдалануу, башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, инвестицияларды тартуу, жаңы долбоорлорду жана өнөктөштүктөрдү ишке ашыруу максатында кабыл алынды.
Мында чекене соода Umai Groupтун негизги багыты бойдон калат, ал эми Кыргызстан Топтун узак мөөнөттүү өнүгүүсү жана инвестициялары үчүн башкы рыноктордун бири болуп саналат. Дүкөндөрдүн жана бренддердин иши кадимки тартипте улантылат. Буга чейин жарыяланган чекене соода тармагын жана өлкөдөгү заманбап логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча пландар өзгөрүүсүз калат.
2026-жылы Umai Group Кыргызстандагы бизнесин мындан ары өнүктүрүүгө жана Борбор Азиядагы катышуусун кеңейтүүгө багытталган бир катар ири демилгелерди жарыялаган. Алардын катарында Бишкектеги жаңы заманбап бөлүштүрүү борборун каржылоо боюнча IFC менен өнөктөштүк, ошондой эле Топтун аймактык бизнесин өнүктүрүү бар.
Umai Groupтун Байкоочу кеңешинин төрагасы Руд Педерсен төмөнкүлөрдү белгиледи:
«Акыркы жыйырма жыл ичинде компания ишмердүүлүгүнүн масштабы жана багыттары боюнча олуттуу өстү. Umai Group холдингдик компаниясынын түзүлүшү ушул өнүгүүнүн табигый чагылдырылышы болуп саналат жана Топтун активдеринин мындан аркы өсүшүн башкаруучу натыйжалуу корпоративдик түзүмдү калыптандырат.
Чекене соода биздин бизнестин негизи бойдон калууда жана биз Кыргызстанда бул багытка инвестиция салууну улантабыз. Биздин максат - ар бир багыттын өз алдынча өнүгүүсүнө шарт түзгөн, ошол эле учурда бирдиктүү Umai Groupʼтун артыкчылыктарын жана баалуулуктарын сактаган түзүмдү түзүү».
Umai Group жөнүндө
Umai Group - Борбор Азиядагы заманбап чекене соода, логистика, дистрибуция, өндүрүш жана башка тармактардагы бизнес жана долбоорлорду бириктирген холдингдик компания.
Umai Group Кыргызстандын бизнесин жана инфраструктурасын өнүктүрүүгө, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоого жана Борбор Азиядагы узак мөөнөттүү өсүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө инвестиция салат.
Кыргыз Республикасындагы Топтун чекене соода багыты Umai Retail компаниясы аркылуу көрсөтүлгөн. Компания Globus, «Народный», «Достор» жана SPAR бренддери менен 170тен ашуун дүкөндү башкарат жана күн сайын 280 миңден ашык кардарды тейлейт.
ЖМКлар үчүн байланыштар
Кристина Гайсина / Люси Воллам, Hudson Sandler (эл аралык ЖМКлар үчүн)
kgaysina@hudsonsandler.com
Ксения Кочергина, Umai Group (жергиликтүү ЖМКлар үчүн)
k.kochergina@umai-retail.kg
кошулду
0

Супер-Инфо
super.kg видео















