Президенттин Таластагы өкүлү Аалы Туткучевдин айтканы боюнча түшүндүрмө берди (видео)
Таласта өткөн Эгемендүүлүк майрамында төкмө акын Аалы Туткучевдин бир күн калганда тизмеден алынып калганы тууралуу маалыматты бүгүн, 14-сентябрда президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев четке какты.
"Протоколдон эч кандай алынган жок, туура түшүндүрүп берейин. Башында мен өзүм Аалы байкени чакыргам, 1 ай мурун, "Келип ырдап бериңиз, эл күтөт" деп. Программа толук даяр боло электе эле мен Аалы байке менен макулдашып койгом. Ошол кезде убактысы бош болбой калбасын дегем. Анан борбордук аянтта, эстрадалык концерт болду, чет өлкөлүк ырчылар келишти, ал жакта формат башка болуп калды. Кийин "Манас ордодон" ырдаталы деп сүйлөштүк, ал жерде акындар айтышынын жарым финалы болуп жаткан. Ошол жерден эч кандай протоколу жок эле мен өзүм айтып: "Аалы байке, бул жерде сиздин ырыңыз, президент сүйлөп кеткенден кийин болуп калат экен, андан кийин кайра эле айтыш болот экен, ошол жагы туура эмес болуп калып жатат. Кийинки иш-чараларда кылалы (ред.: ырдаталы)",- деп сунуш бердим. Аалы байке макул болду, ошол менен токтотконбуз. Байкемди кичине капа кылып алдым окшойт, мен өзүнөн да кечирим сурадым, ал менин күнөөм, менин чечимим болуп калды",- деди Жумаев.
Ал ошондой эле Аалы Туткучевди сыйлай турганын белгилеп, алардын мамилеси жакшы экенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, буга чейин Аалы Туткучев Таласта өткөн Эгемендүүлүк майрамына облус жетекчиси тарабынан бир ай мурун чакырылып, бирок иш-чарага бир күн калганда тизмеден чыгарылганын билдирген.
Президенттин Таластагы өкүлү Аалы Туткучев боюнча түшүндүрмө берди
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















