Манас шаарында курулушта эки жумушчу 11-кабаттан кулап каза болду
8-сентябрь күнү саат 14:17 чамасында Манас шаарындагы Д.Малашов көчөсүндө жайгашкан «Алинур-3» турак жай комплексинин курулушунда кырсык катталды.
Жалал-Абад ШИИБинин маалыматы боюнча, фасадды жасалгалоо иштерин жүргүзүп жаткан учурда жумушчуларды көтөрүп турган люк сынып кеткен. Натыйжада 2003-жылы туулган М.М. жана 2004-жылы туулган Т.М. 11-кабаттан кулап, окуя болгон жерде каза болушкан.
“Бул факты Манас ШИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, кароо жүргүзгөн. Каза болгондордун өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды”, - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















