Аялдардын экономикалык өз алдынчалыгын колдогон долбоор ишке кирди
Турмуштук оор кырдаалга кабылган аялдарды колдоого жана алардын экономикалык өз алдынчалыгын камсыз кылууга багытталган «Кейтеринг» социалдык долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Долбоордун ачылыш аземине Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы баштаган депутаттар Эркеайым Сейтказиева, Гүлнара Акимбаева, Нилуфар Алимжанова, Жылдыз Курманалиева жана Нуржамал Төрөбекова катышты.
«Кейтеринг» долбоору Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укуктарын коргоо жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин катчылыгы тарабынан «Эне үй» ресурстук борбору менен биргеликте ишке ашырылууда.
Долбоордун негизги максаты — ресурстук жана кризистик борборлордо жашаган аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Анын алкагында аялдардын эмгекке аралашуусуна, туруктуу киреше табуусуна жана коомго адаптацияланышына шарт түзүү көздөлүүдө.
Долбоордун алгачкы тапшырыгы Миграция жана адамдарды сатууга каршы аракеттенүү маселелери боюнча кеңештин катчылыгынын колдоосу менен аткарылууда.
Иш-чарада аялдардын укуктарын коргоо жана гендердик теңчилик маселелери мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экени белгиленди. Катышуучулар «Кейтеринг» долбоору аялдардын экономикалык өз алдынчалыгын камсыз кылууга багытталган маанилүү социалдык демилге болорун билдиришти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















