super.kg logo

Ош мэриясы 61 жаранга жер тилкесинин мамлекеттик актыларын тапшырды

 

Ош шаарында мамлекеттик муктаждык үчүн жер тилкесин берген 61 жаранга бүгүн кызыл китептери тапшырылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы муниципалдык базар жайгашкан жер тилкелеринин менчик ээлери менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө алардын укуктарын эске алуу менен жердин 10 пайызы өлчөмүндө жеке менчикке жер берүү боюнча макулдашуу жетишилген.

Бул багытта тиешелүү трансформация иштери жүргүзүлүп, документтер толугу менен даярдалган. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев 61 менчик ээсине мамлекеттик актыларды өзү тапшырды.

Жалпысынан 3 гектардан ашык жер тилкеси коммерциялык багытта трансформацияланып, ар бир менчик ээсине 100 чарчы метрден жер жеке менчикке өткөрүлүп берилди.

Эми жарандар өздөрүнө берилген жер тилкелерин коммерциялык багытта пайдалана алышат.

Мэрия мамлекеттик муктаждык үчүн жер берүүдө жарандардын укуктары жана кызыкчылыктары мыйзам чегинде корголорун белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: