Кыргызстандан ээр алып кеткен америкалык ковбой көк бөрү менен машыгарын билдирди (видео)
Америкалык ковбой Жейз Нисвета Кыргызстанга болгон сапарынан кийин жергиликтүү ээрди мекенине алып кетип, көк бөрү ойноого машыгып жатканын билдирди. Ал бул тууралуу 13-сентябрда өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында видео бөлүшкөн.
Видеодо ковбой АКШ менен Кыргызстандагы ээрлердин айырмасын көрсөтүп, кыргыз ээрин машыгуу үчүн өзү менен кошо алып кеткенин айткан.
"АКШдагы үйүмө кайтып келдим, бирок Борбор Азия дагы деле оюмда. Бул жактагы жана Кыргызстандагы ээрлердин айырмасын көрсөткүм келди. Алардын түзүлүшү таптакыр башкача. Өзүм менен кошо силердин бир ээрди алып келдим, эми машыга баштайм. Жакында кайра барып, силер менен көк бөрү ойнойм деп пландап жатам",- деп жазган ал.
Эскерте кетсек, АКШнын улакчылары VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып, көк бөрү боюнча мелдештерде күч сынашып кетишти.
Кыргызстандан ээр алып кеткен америкалык кавбой кок-бору ойноого даярданууда
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















