Ким Чен Ындан Орусиянын президентине кат келди
КЭДРдин лидери Ким Чен Ын кечээ, 14-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путинге жооп иретинде телеграмма жолдоп, Орусияны мындан ары да колдой турганын билдирди. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыкты.
"Мен, урматтуу орус эли, сиздерди өзгөрүлбөс колдоого ант берем жана Орусиянын жеңишине ишенем",- деп жазган Ким Чен Ын.
Ошондой эле ал Путинди "корей элинин жакын досу" деп атап, эки өлкөнүн кызматташтыгын кеңейтүүгө ниеттенип жатканын белгилеген.
Эске салсак, буга чейин 9-сентябрда Владимир Путин КЭДРдин түзүлгөнүнүн 78 жылдыгына карата Ким Чен Ынга куттуктоо телеграммасын жөнөткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2026-09-14
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















