Гималайда муз жаракасынын ортосунда кыпчылып калган мамалак куткарылды (видео)
Кечээ, 14-сентябрда соцтармактагы "Жаратылышты сүйүүчүлөр" баракчасы Индиянын Гималай тоолорунда аюунун мамалагын куткаруу учуру тартылган видеону жарыялады.
Маалыматка ылайык, күрөң аюунун мамалагы деңиз деңгээлинен 5 миң метр бийиктикте муз жаракасына түшүп, өз алдынча чыга албай калган. Аны куткаруучулар атайын аркан жана жабдуулар менен чыгарууга арекеттенишкен.
Мамалак коркондугунан улам, адамдардын ага жакындашына жол берген эмес. Ага карабастан куткаруучулар операцияны ийгиликтүү аяктап, мамалакты аман-эсен куткарышты.
Индиянын Гималай тоолорунан аюунун мамалагы куткарылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2026-09-14
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















