Кадамжайда дыйкандар түшүмүн сатууда көйгөй жаралганын билдиришти
Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын тургундары картошка жана сабиз түшүмүн сатууда кыйынчылык жаралып жатканын билдиришти.
Алардын айтымында, бышкан түшүмүн коңшу Өзбекстандын Сох аймагына да сата албай, картошканы Сох аркылуу Баткен тарапка өткөрүүдө тоскоолдуктар болуп жатат.
“Дыйкандарга шарт түзүлүшү керек”,- деп жергиликтүү тургундар Кадамжайдан шайланган депутаттарга кайрылышканын айтышты.
Ошондой эле тургундар өткөрмө бекеттеги кырдаалды видеого тартып, социалдык тармакка жарыялашкан. Активисттердин бири чек арадагы кызматкерлердин мамилесине нааразычылыгын билдирген.
Окуя боюнча расмий органдардын комментарийи азырынча белгисиз.
Кадамжай
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















