super.kg logo

Ысык-Көлдө 225 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

 

11-сентябрда Ысык-Көл облусунун Ала-Баш айылында 225 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Эки кабаттуу мектеп Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата пайдаланууга берилди. Билим берүү мекемеси 225 окуучуга ылайыкталган. Эки нөөмөт менен окуу уюштурулса, мектепте 500гө жакын окуучу билим ала алат.

Мектепте башталгыч жана жогорку класстардын окуучулары үчүн заманбап билим алууга керектүү шарттар түзүлгөн.

Курулуш иштерин Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жүргүзүп, мектеп жаңы окуу жылына толук даярдалган.

Жаңы мектептин ачылышы Ала-Баш айылындагы балдардын сапаттуу билим алуусуна шарт түзүп, айылдагы билим берүү инфраструктурасын жакшыртууга өбөлгө болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: