Бишкекте кайрымдуулук фондунун жетекчиси кармалды
Бүгүн, 16-сентябрда Ички иштер министрлиги "Биз эл менен" кайрымдуулук фондунун ишмердүүлүгүнө байланышкан кылмыш ишин тергеп жатканын билдирди.Мекемеге ИИМге Бишкекте жана өлкөнүн башка аймактарында фондго тиешелүү мыйзамсыз аракеттер тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Маалыматка ылайык, аталган фонд 2019-жылдан бери иштеп келген. Анын жетекчисинин жана уюштуруучуларынын банктык эсептери аркылуу ири суммадагы акча каражаттары жүгүртүлгөнү аныкталган. Быйыл жалпы жүгүртүүнүн көлөмү 12 миллион сомдон ашкан.
Алдын ала маалымат боюнча, 2024-2026-жылдар аралыгында келтирилген зыяндын көлөмү болжол менен 30 миллион сомду түзөт.
Шектүү катары 33 жаштагы фонддун жетекчиси Б. кызы Т. Бишкек шаарынан кармалган. Анын жашаган жеринде жана автоунаасында тинтүү жүргүзүлүп, маанилүү документтер жана башка буюмдар алынган.
Ал соттун чечими менен №1 тергөө абагына киргизилген. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















