Иранда жүргүнчүлөрдү ташыган учак авариялык конуу жасады (видео)
Ирандын "Sepehran Airlines" авиакомпаниясына таандык Boeing 737 учагы техникалык мүчүлүштүктөн улам Мешхед шаарындагы аэропортко авариялык конуу жасады. Бул тууралуу 15-сентябрда чет элдик басылмалар кабарлашты.
Учак Мешхедден Керманшах шаарына багыт алган.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, учуу учурунда учактын кыймылдаткычтардын бири жабыркаган. Учак Мешхед эл аралык аэропортуна ийгиликтүү конгон. Буга байланыштуу аталган конуу тилкеси убактылуу жабылган.
Социалдык тармактарда учактын салонунда тартылган видеолор жарыяланган. Анда багаж текчелеринен жүктөр кулап, жүргүнчүлөрдүн дүрбөлөңгө түшкөнүн көрүүгө болот.
Окуядан жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү жабыркаган эмес.
Иранда учак экстремалдуу конуу жасады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:38
2026-09-15
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















