Агартуу министрлиги окуу китептери боюнча жолугушуу өткөрдү
Бүгүн, 16-сентябрда мектептердеги окуу китептери боюнча жолугушуу өттү.Ага агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова, "Окуу китеби" басма үйү мекемесинин директору Төлөгөн Аматов, "Учкун" ААКсынын жетекчиси Бакытбек Султанов жана Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев катышты.
Анда тараптар мектептер үчүн басылып чыга турган ар бир окуу китебине QR-код жайгаштыруу маселесин талкуулашты. QR-код окуу китептеринин кыймылын көзөмөлдөөгө, тактап айтканда, китептин кайсы аймакка, мектепке жана класска берилгендиги тууралуу маалыматты аныктоого мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле QR-код аркылуу окуучулар жана мугалимдер окуу китебинин мазмунуна байланыштуу кошумча электрондук материалдарга жана санариптик ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Мындан тышкары, окуу китептерин басып чыгарууга каралган каражаттарды каржылоо жана бул багыттагы иштерди колдоо маселелери талкууланды.
Бүгүн, 16-сентябрда депутат Дастан Бекешев мектептерде окуу китептери жетишсиз болгонуна карабай, алар базарда сатылып жатканын билдирген болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:21
2026-09-16
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















