Жасалма интеллект өнүксө дагы бажыда кызматтык иттердин орду биринчиде турат
Жасалма интеллект жана заманбап сканерлөө системдери өнүгүп жатканына карабай, бажы кызматтары мыйзамсыз жүктөрдү аныктоодо үйрөтүлгөн кызматтык иттерге дагы эле таянып келет. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Кечээ, 16-сентябрда Ташкентте Дүйнөлүк бажы уюмунун 7-Глобалдык кинологиялык форуму өткөн. Иш-чарага 50дөн ашык өлкөдөн бажы кызматкерлери, кинологдор жана адистер катышкан.
Адистердин айтымында, жасалма интеллект сүрөттөрдү жана маалыматтарды талдап, кошумча текшерүүнү талап кылган жүктөрдү аныктоого жардам берет. Ал эми кызматтык иттер сканерлер аныктай албаган айрым заттарды, анын ичинде синтетикалык баңгизаттарды жыт аркылуу таба алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















