Баш прокурордун мурдагы орун басарына чыккан өкүм күчүндө калды
Чүй облустук соту башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулуна карата Аламүдүн райондук сотунун чыгарган өкүмүн күчүндө калтырды. Облустук соттун басма сөз кызматы чечим 10-сентябрда кабыл алынганын тастыктады.
Эске салсак, Аламүдүн райондук соту аны былтыркы жылдын аягында Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”, “Уюшкан топту түзүү жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо”, “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн мамлекетке алуу менен 13 жылга абакка кескен.
Адыл уулу 2024-жылдын 11-ноябрында кармалган. Маалыматта ал шериктери менен бирге жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтө турган күнү, тагыраагы ошол жылдын 17-ноябрында баш аламандык уюштурууну пландаганы айтылган. Кармалган топтун кампасынан 1000 бөтөлкө спирт ичимдиги, баш аламандык уюштурууга керектүү каражаттар табылган.
Кубан Адыл уулу 2024-жылдын апрель айынын аягында кызматтан бошотулган. Андан бир нече күн мурун өлкө башчы ошол кездеги башкы прокурор Курманкул Зулушевге өзүнүн орун басары Кубан Адыл уулун кызматтан алууну сунуштаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















