super.kg logo

Бишкектин жолдорун кытайлык компания изилдеши мүмкүн

 

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кытайдын Чанша шаарына болгон иш сапарынын алкагында Hunan Construction Investment Group компаниясынын жетекчилиги менен жолукту.

Борбор калаа бийлиги кечээ, 20-сентябрда кабарлагандай, жолугушуунун негизги темасы Бишкек шаарынын жол инфраструктурасын өнүктүрүү болгон. Тараптар шаардагы жолдорду куруу жана реконструкциялоо, заманбап транспорттук түйүндөрдү куруу, ошондой эле көчөлөрдүн өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана унаа тыгындарын азайтуу максатында комплекстүү инженердик чечимдерди киргизүү маселелерин талкуулашкан.

Айбек Жунушалиев кытайлык компанияга борбор калаадагы учурдагы транспорттук кырдаалды изилдеп, шаардын жол тармагына болгон өсүп жаткан жүктөмдү эске алуу менен конкреттүү долбоорлорду иштеп чыгууну сунуштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: