Болот Ибрагимов өткөндөрдү эске салып, Бишкек мэриясына кайрылды
Жогорку Кеңештин депутаты Болот Ибрагимов Бишкек шаарынын мэриясына кайрылып, кышка чейин сапатсыз жасалган жолдорду оңдоого чакырды.
Ал мурун айтып чыккан көйгөйлүү жолдор түздөлгөнүн белгилеп, соцтармактагы баракчасына жеринен тартылган видео жарыялады. Эл өкүлү акимдин макетин да ушу жол үчүн сүйрөп чыкканын айтты.
"Бирок оңдолгон жолдордун асфальты сапатсыз басылган, тилекке каршы, жакынкы убакта кайра эле жагдай мурункудай болуп калышы мүмкүн",- деди депутат.
Эске салсак, Ибрагимов август айында Октябрь районунун акими Жолдош Чуштуковдун сүрөтү түшүрүлгөн макетти сүйрөп алып шаар кыдырган. Ибрагимовдун жол боюнча айткан сындарына мэрия жооп кылган. Бирок мэриянын билдирүүсү парламент депутаты Эрулан Кокуловдун ачуусун келтирип, кесиптешин колдоп чыккан.
Болот Ибрагимов өткөндөрдү эске салып, Бишкек мэриясына кайрылды
0

Супер-Инфо
super.kg видео















