ӨКМде Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара өттү
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгужолунун алкагында "Жаңы доордун жаратманы" аттуу маданий иш-чара өткөрүлдү.
Аталган министрликтен билдиришкендей, иш-чарага "Аруу-Нур" коомдук фондунун негиздөөчүсү, насаатчы Атыркүл Балбаева катышып, кыргыз элинин кылымдарды карыткан каада-салттары, сандарды колдонуудагы философиялык мааниси жана оозеки чыгармачылыгы тууралуу айтып берди.
Ошондой эле чач өрүү, кыз узатуу сыяктуу улуттук жөрөлгөлөр көрсөтүлүп, кыргыз аялдарынын баш кийимдеринин жаш курагына жана үй-бүлөлүк абалына жараша өзгөчөлүктөрү тааныштырылды. Мындан тышкары кыргыздын саяпкерчилик жана салбуурун салты тууралуу маалымат берилди.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Жумалиев Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгужолун улантууга чакырды.
Ал эне тилдин улуттук баалуулуктарды, каада-салттарды жана тарыхый мурасты кийинки муундарга жеткирүүдөгү маанисин белгиледи. Ошондой эле кыргыз тилин урматтоо жана өнүктүрүү ар бир жарандын жоопкерчилиги экенин айтты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















