ИИМ чет өлкөлүк жарандарга мыйзам талаптарын сактоо боюнча эскертүү берди
Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинде чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын мыйзамдарын жана коомдук тартипти сактоосу боюнча жумушчу кеңешме өттү.
Иш-чара Ички иштер министрлигинин демилгеси менен уюштурулуп, ага ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын өкүлдөрү, чет өлкөлүк компаниялардын жана курулуш уюмдарынын жетекчилери, чет өлкөлүк жарандардын өкүлдөрү жана студенттер катышты.
Жыйында коомдук тартипти сактоо, мыйзам талаптарын аткаруу жана чет өлкөлүк жарандар менен укук коргоо органдарынын кызматташуусун күчөтүү маселелери талкууланды.
ИИМ өкүлдөрү Кыргызстанда жүргөн бардык чет өлкөлүк жарандар өлкөнүн мыйзамдарын жана коомдук тартипти сактоого милдеттүү экенин эскертишти. Мыйзам бузган адамдарга карата тиешелүү чаралар көрүлөрү белгиленди.
Ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды ишке тарткан иш берүүчүлөргө кызматкерлер арасында миграциялык талаптарды жана мыйзамдарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы айтылды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















