Мал уурулукка каршы рейддер өткөрүлдү
Өлкө аймагында мал уурулуктун алдын алуу жана мындай кылмыштарды аныктоо максатында «Мал уурулук» аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү.
Иш-чаралар ИИМдин 15-сентябрдагы тескемесинин негизинде уюштурулган. Анын алкагында мал базарлар, касапканалар, цехтер жана эт сатып-сатуу менен алектенген жарандардын ишмердүүлүгү текшерилди.
Ошондой эле мал ташылган негизги жолдордо блокпосттор уюштурулуп, транспорт каражаттары текшерүүдөн өткөрүлдү. Рейддерге ички иштер органдарынын кызматкерлеринен түзүлгөн мобилдик топтор да тартылды.
Мындан тышкары, ири соода-базар комплекстеринде дүңүнөн ташылып келген бодо жана майда жандыктардын эттери боюнча текшерүүлөр жүргүзүлдү.
ИИМ малды идентификациялоо жана анын кыймылын көзөмөлдөө үчүн бодо мал менен жылкыга биркалар жана микрочиптер колдонулуп жатканын белгиледи. Бул чаралар малдын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнүн алдын алууга багытталган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















