Бишкекте кафе-ресторандарда тамеки тартуу боюнча текшерүү күчөтүлдү (видео)
Кечээ, 21-сентябрда Бишкекте тамеки тартууга байланыштуу мыйзам талаптарынын сакталышын текшерүү боюнча "Тамеки тартуу" аталышындагы профилактикалык иш-чара өттү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын алкагында бир катар кафе жана ресторандар текшерилген. Жыйынтыгында 20дан ашык протокол түзүлүп, айып пулдардын жалпы суммасы 110 миң сомдон ашкан.
Айып пулдардын өлчөмү аныкталган укук бузуунун мүнөзүнө жараша 5500 сомдон 10 миң сомго чейин түзөт.
Бишкекте кафе-ресторандарда тамеки тартууга болбойт
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















