Квота менен келген электромобилдерди мыйзамсыз өткөрүп берүү фактылары аныкталды
Квота менен Кытайдан алып келинген 5 электромобилди мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу 21-сентябрда Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, электромобилдерди алып келүүдө жеңилдиктен пайдаланган Кыргыз жарандары тиешелүү бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн Орусиянын жарандарына өткөрүп беришкен. Аныкталган 5 факт боюнча өлкө бюджетине 3 миллион 982 миң 274 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.
ЕАЭБдин бажы мыйзамдарынын талаптарына ылайык, мындай транспорт каражаттарын Орусиянын жарандыгы бар же Орусияда туруктуу жашаган адамдарга өткөрүп берүүгө болбойт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















