super.kg logo

Өкмөт окуу китеби боюнча жыйын өткөрдү

 

Кечээ, 21-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн жалпы билим берүү уюмдарын окуу-методикалык комплекстер менен камсыздоо маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, жыйында 12 жылдык мектеп билим берүүсүнө өтүү алкагында окуу адабияттарын басып чыгаруу жана жеткирүү маселелери каралган.

"Былтыр окуу адабиятын басып чыгарууга 855 миллион сом өздөштүрүлгөн. Жалпы билим берүү уюмдарына жалпы нускасы 4 миллион 735 миң 870 даананы түзгөн окуу-методикалык комплекстер басылып чыгарылып, жеткирилген.

Быйыл республикалык бюджеттен окуу материалдарын басып чыгарууга 744 миллион сом каралган. Буга кошумча Агартуу министрлиги 16,2 миллион сом бөлгөн. Бул каражатка 3 миллион 668 миң 606 даана окуу материалдарын чыгаруу пландалган. Окуу жайларга 2 миллион 455 миң 868 даанасы жеткирилген. Бүгүнкү күнгө карата 1 миллиондон ашуун даанасы жеткирүү баскычында турат",- деп айтылат маалыматта.

Жыйындын соңунда Агартуу министрлигине окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгуу, даярдоо тапшырмасы коюлган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: