Казакстанда 15 килограмм баңгизаты менен Кыргызстандын жараны кармалды
Казакстандагы Жамбыл облусунун кыргыз-казак
чек арасынан 1 чакырым аралыкта 15 килограмм баңги- заты менен Кыргызстандын
жараны кармалды. Бул тууралуу Казак Республикасынын ИИМинин алдындагы Баңгизатын
көзөмөлдөө комитетине шилтеме берип жергиликтүү ММКлар жазып чыгышты.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка
ылайык, кылмышкерди кармоо Кыргызстандын ИИМи менен биргеликте 1-февралда
жүргүзүлгөн. Ооганстанда өндүрүлгөн маңзат “777” маркасындагы эң жогорку
сапатта экени аныкталган.
Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга жеткирилип,
чек арадан кантип өткөнү такталууда. Казакстандын Кылмыш-жаза кодексине
ылайык, баңгизат ташуучу өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
1

Шектүү го өтө эле..