Мыктыбек Оролбайдын тоюндагы кызыктар (видео)
Кечээ, 23-сентябрда мушкер Мыктыбек Оролбайдын үйлөнүү тою болуп өттү.
Тойдо ырчы Фриман 996 куттуктоо учурунда күйөө баланын атын жаңылыш айтып, "Оролбай досум, үйлөнүү үлпөт тоюң кут болсун" деп, конокторду күлкүгө бөлөдү.
Ал эми ырчы Улукманапо Мыктыбек мырзага атайын арнап жаңы ыр жазганын кабарлап, аны кечеде аткарып берди.
Тойдун дагы бир таасирдүү көз ирмеми - алып баруучунун сунушу менен Мыктыбек Оролбай атасына чуркап барып, бетинен өөп, кучактады. Уулун кучактаган атасы толкунданып, көзүнө жаш алды.
Мыктыбек Оролбайдын тоюндагы кызыктар
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:43
2026-09-24
19:18
2026-09-24
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















