Калкты азык-түлүк менен камсыздоого багытталган долбоорлор үчүн Орусия Кыргызстанга 3 миллион доллар бөлдү
Орусия калкты азык-түлүк менен камсыздоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууга Кыргызстанга 3 миллион доллар бөлүп берди. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бөлүнгөн акча айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө жумшалат.
“Жарым жылдын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жетекчилери бөлүнгөн грантты көпүрөлөрдү куруу, суу менен камсыздоо системдерин оңдоо жана токойлорду кеңейтүү боюнча долбоорлорго иштетет”,- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

