Кызыл өңгөчүндө 5 айдан бери тыйын турган... Бишкекте 2 жаштагы балага операция жасалды
Бүгүн, 24-сентябрда Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын дарыгерлери 2 жаштагы баланын кызыл өңгөчүндө 5 айдан бери турган бөтөн затты ийгиликтүү алып чыгышты. Бул тууралуу ооруканадан билдиришти.
Маалымдалгандай, баланын оорусу болжол менен 5 ай мурун кусуу жана катуу тамактан баш тартуу менен башталып, жөтөл кошулган. Ушул убакыт аралыгында бала Ош шаарында педиатрга жана аллергологго бир нече жолу кайрылып, амбулатордук дарылануудан өткөн. Кийинчерээк Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына кайра кайрылганда, кызыл өңгөчүндө бөтөн зат бар экени аныкталган.
Бөтөн заттын узак убакыттан бери турганын эске алуу менен наристе Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына жөнөтүлгөн. Бүгүн балага операция жасалып, дарыгерлер 10 рубль болгон тыйынды ийгиликтүү алып чыгышты.
Учурда бала дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалы туруктуу.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















