Сапатсыз курулуш: Компания кара тизмеге киргизилип, инспектор кызматтан алынды
Бишкекте сапатсыз курулуш иштери аныкталып, курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды.
Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин маалыматына караганда, Байтик баатыр көчөсү, 23–25 жана Кошевой көчөсү, 31, 31А, 33, 38 даректеринде салынып жаткан 15 кабаттуу бизнес-борбор текшерүүгө алынган.
Текшерүүдө имараттын биринчи кабатындагы түркүктөрдө көңдөйлөр пайда болгону жана жүк көтөрүүчү конструкцияларга бетон куюуда аралашманын талаптагыдай тыгыздалбаганы аныкталган.
Кемчиликтерди тактоо үчүн адистер менен биргеликте курулуштан үлгүлөр алынып, лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлгөн.
Жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзгөн «Ивен КЗ» ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынып, курулуш иштери токтотулган. Компания кара тизмеге киргизилип, лицензиясынын колдонулушу да токтотулган.
Мындан тышкары, объектте иштеген прораб Чынгыз Абдыжалиловдун жана техникалык көзөмөл адиси Канжарбек Төлөмүшовдун сертификаттары жокко чыгарылган.
Ал эми объектке көзөмөл жүргүзгөн департаменттин жооптуу инспектору ээлеген кызматынан бошотулган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















