super.kg logo

Бишкектин мурдагы вице-мэри Азамат Кадыров кайсы берене боюнча айыпталып жатканы ачыкталды

 

Бишкектин мурдагы вице-мэри Азамат Кадыров Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү боюнча айыпталып жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун маалыматында айтылат.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү Кадыровго карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу боюнча сотко өтүнүч келтирген.

Ленин райондук сотунун 23-сентябрдагы чечими менен Азамат Кадыров камакка алынып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Ал тергөө аяктаганга чейин, тактап айтканда, 2026-жылдын 20-ноябрына чейин камакта болот.

Буга чейин Кадыровдун кармалганы маалымдалганы менен, анын кайсы берене боюнча айыпталып жатканы ачык айтылган эмес.

Эске салсак, Азамат Кадыров 2023-жылдын ноябрынан тарта Бишкек шаарынын вице-мэри болуп иштеп, жер пайдалануу, архитектура, курулуш жана санариптештирүү багыттарын тейлеген. Ал 2026-жылдын 15-июнунда башка жумушка өткөнүнө байланыштуу вице-мэрлик кызматтан кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: