super.kg logo

Француз актрисасы жана ырчы Марина Влади каза болду

 

Кечээ, 24-сентябрда француз актрисасы жана ырчы Марина Влади 88 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Марина Влади кино дүйнөсүндө 100дөн ашык тасмадагы ролдору менен таанылган. Ал 1963-жылы "Аары эне" тасмасындагы ролу үчүн Канн кинофестивалында "Мыкты актриса" сыйлыгын алган. Актрисанын аты СССРде жана КМШ өлкөлөрүндө советтик акын, актёр жана музыкант Владимир Высоцкий менен да тыгыз байланышта. Марина Влади анын жубайы болгон.


Актриса өзүнүн чыгармачылык жолу тууралуу бир нече китеп жазган. Алардын арасында Владимир Высоцкий тууралуу "Владимир же үзүлгөн учуу" аттуу эскерүү китеби да бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: