super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Кожомкул айылынын жашоочулары айыл өкмөткө нааразы (видео)

 

Сокулуктун Кожомкул айылынын ондогон жашоочулары бүгүн, 25-сентябрда айыл өкмөткө нааразычылык билдирип чыгышты.

Алардын айтымында, айыл өкмөттүн шалаакылыгынын айынан айыл элинин бир бөлүгү электр энергиясыз жана суусуз калуу коркунучуна кептелди.

"Биздин конушка электр чубалгысы жана суу түтүгү Профсоюз магистралы менен кесилишип жер астынан өтөт. Азыркы учурда Профсоюз көчөсү асфальтталганы жатат, жолду тегиздөө иштери жүрүүдө. Бирок электр чубалгысы жана суу түтүгү эч кандай коргоочу механизми жок шагылга басылып калып кетти.

Эртең үстүнөн жүк басылып зымдар үзүлүп же суу түтүктөрү жарылса, айыл эли жарыксыз жана суусуз калса, асфальтты кайра сыйрышабы? Жогорку чыңалуудагы линиянын астынан өткөн трасса болгондуктан кайра каздырышпайт.

Негизи электр чубалгысы менен суу түтүктөрүн атайын калкалоочу темир же бетон түтүктөрдүн ичине салып алып өтүш керек болчу, эртең бирдеме болсо сууруп алып оңдош үчүн. Ушуну айтсак айыл өкмөт жол куруучуларга шылтап, жол куруучулар айыл өкмөткө шылтап көңүл бурбай жатышат.

Президентке кайрылуудан башка арга калбады", – дешти жергиликтүү тургундар.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Тургундар Профсоюз көчөсүнүн курулушу боюнча

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: