1991-2011-жылдар аралыгында 450 миң кыргыз мигранты Орусия жарандыгын алышкан
1991-2011-жылдар аралыгында кыргызстандык 450 миң мигрант Орусия жарандыгын алышкан. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда өткөн "Миграция саясаты: эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлөсүнүн укуктарын коргоо" деген темада өткөн тегерек столдо Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин өкүлү Нурдин Тынаев билдирди. Анын айтымында, 2011-жылы 106 миң 759 мигрант эмгек ишмердүүлүгүнө уруксат берүү кагазын, 560 миң 867 адам патент алышкан. Ал ошондой эле Кыргызстандан Орусияга кетип жаткан жарандардын саны өсүп жатканын айтты. 2009-жылы - 320 миң адам, 2010-жылы - 467 миң, 2011-жылы - 499 миң, ал эми 2012-жылдын 8 айында 357 миң адам Кыргызстандан Орусияга чыгып кеткен.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

