Ирандын жогорку лидери урандылардын астынан куткарылганы айтылды
Ирандын жогорку лидери Можтаба Хаменеи АКШ менен Израилдин аба соккулары ал дарыланып жаткан мекемеге тийгенден кийин Тегерандагы оорукананын урандыларынын арасынан куткарылган.
Ирандын эксперттер кеңешинин мүчөсү Мохсен Хейдари бул тууралуу Катардын Al Arabi телеканалына 24-сентябрда берген маегинде айтканын чет элдик басылмалар жазышууда.
Хейдаринин айтымында, Хаменеинин ооруканага жаткырылганы тууралуу кабарлангандан кийин Тегерандагы үч ооруканага сокку урулган. Можтаба Хаменеи үчүнчүсүндө болгон жана урандылардын арасынан куткарылган.
Белгилей кетсек, жогорку лидердин ден соолугунун абалы тууралуу маалыматтар ар түрдүү чыгууда. Ирандын расмий өкүлдөрү, анын ичинде президент Масуд Пезешкиан лидердин ден соолугу жакшы экенин айтса, АКШ чалгын кызматтары жана айрым батыш маалымат каражаттары анын оор жаракат алганын жазып жатышат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















