Токаев жаңы коргоо министрине аскердик коопсуздук боюнча тапшырмаларды берди
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жаңы коргоо министри Айдос Мырзахметовду кабыл алганын бүгүн, 27-сентябрда казак басылмалары жазышты.
Казак лидери коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо, согуштук даярдыкты жогорулатуу жана аскердик башкаруу жана көзөмөлдөө системин жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берген.
Токаев аскердик кызматтын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурган. Ал аскер кызматкерлеринин өмүрүн жана ден соолугун сактоо бардык деңгээлдеги командачылыктын сөзсүз артыкчылыктуу милдети болушу керектигин баса белгилеген.
Буга чейин Токаев Даурен Косановду Казакстандын коргоо министри кызматынан бошоткон. Ал аскердик машыгуудагы карагашадан соң кызматтан алынып отурат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















