"Ак шумкарлар" Мальдив аралдарын 5:0 эсебинде жеңди
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Бишкекте өткөн жолдоштук беттеште Мальдив аралдарын 5:0 эсебинде жеңди.
Оюн 28-сентябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Кыргызстандын курамасы биринчи таймда эле беш гол киргизди. Эрбол Атабаев дубль жасаса, Сирожиддин Астанакулов менен Валерий Мурзаков улуттук курамадагы алгачкы голдорун киргизишти. Дагы бир голду оор жаракаттан кийин улуттук командага кайтып келген Жоэл Кожо өз эсебине жазды.
Экинчи таймда башкы машыктыруучу Урмат Абдукаимов курамга бир нече өзгөртүү киргизип, резервдеги оюнчуларга мүмкүнчүлүк берди. Бул бөлүктө гол болгон жок.
Кыргызстан кийинки жолдоштук беттешин 4-октябрда Бишкекте Ливанга каршы өткөрөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















