Бишкекте топ балдар жигитти күчкө салып унаага салып кетишти (видео)
Бишкекте Манас жана Чүй проспектилеринин кесилишиндеги аялдамада таң калыштуу окуя катталды. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Кадрлардан 4-5 бала бир жигитти колу-бутунан көтөрүп, унаанын багажына салууга аракет кылганы көрүнөт. Кийин аны арткы орундукка отургузуп, эркине каршы белгисиз тарапка унаа менен алып кетишкен. Ошол эле учурда 10го чукул бала унаанын айланасында жүргөнү байкалат.
Күбөлөр окуя адам уурдоого байланыштуу болушу мүмкүн деп божомолдошууда. Азырынча жигиттин ким экени, аны эмне себептен унаага салып алып кетишкени белгисиз.
Окуя боюнча расмий маалымат бериле элек.
Бишкекте топ балдар эркине каршы жигитти алып кеткен видео тарады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:45
2026-09-28
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















