Активист Мавлян Аскарбеков 2 жылга эркинен ажыратылды
Бүгүн, 29-сентябрда Ленин райондук соту активист Мавлян Аскарбековго мүлкүн конфискациялоо менен 2 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы тастыктады.
Активист Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча күнөөлүү деп табылды. Ал жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөйт.
Айта кетсек, Аскарбеков 13-июнда УКМК тарабынан кармалган. Ал социалдык тармактардагы баракчасынан чет өлкөлүк жарандар тууралуу билдирүүлөрдү жарыялап келген. 28-сентябрда мамлекеттик айыптоочу аны 4 жылга эркинен ажыратууну сураган болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:31
2026-10-22
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















