super.kg logo

Унаанын багажына адамды салып кетүү аракети... Милиция себебин айтты

 

Бишкекте жигитти топ балдар күч менен унаага салып, алып кеткен окуя боюнча милиция кошумча маалымат берди.

Буга чейин окуянын видеосу социалдык тармактарга тарап, милиция бардык катышуучулар Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Текшерүү учурунда окуяга катышкан адамдардын өздүгү аныкталып, алардын баары бири-бирин тааныган адамдар экени белгилүү болду.

Милициянын маалыматына караганда, окуя боюнча катышуучулардын эч кимиси укук коргоо органдарына арыз жазган эмес. Ошондой эле алар бири-бирине карата дооматы жок экенин билдиришкен.

Ага карабастан 1991-жылы туулган С.С., 2001-жылы туулган Ш.Б. жана 2001-жылы туулган С.У. аттуу жарандарга "Майда бейбаштык" боюнча протокол түзүлүп, алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: