super.kg logo

Шакиранын Бишкектеги концертине билеттердин баалары

 
18-октябрда "Бишкек Арена" стадионунда колумбиялык ырчы Шакира "Las Mujeres Ya No Lloran World Tour" дүйнөлүк турунун алкагында концерт коёт.

Президенттин иш башкармалыгы концертке билеттер 1-октябрда саат 09:00дөн тарта сатыкка чыгарыларын билдирди.
Билеттердин баалары төмөнкүдөй:
  • Fanzone 1 / Fanzone 2 — 40 000 сом (сахнанын так алдында, туруп көрүүчү орундар)
  • Ground admission — 27 000 сом (фан-зонанын артындагы негизги бий партери)
  • Skybox — бир адамга 30 000 сом (15-20 кишилик өзүнчө VIP-ложалар)
  • 1-категория — 40 000 сом (сахнага эң жакын төмөнкү ярустагы отургучу бар орундар)
  • 2-категория — 34 000 сом (батыш бөлүктөгү, бурчтардагы жана борбордук орундар)
  • 3-категория — 28 000 сом (сахнанын маңдайындагы батыш трибуна)
  • 4-категория — 22 000 сом (2 жана 3-ярустар)
  • 5-категория — 13 500 сом (жогорку ярустар)
  • Көрүнүшү чектелген орундар — 12 000 сом
  • Ал эми VIP премиум-билеттер кийинчерээк чектелген санда сатыкка чыгат.
Белгилей кетсек, бул дүйнөлүк ырчынын Борбор Азияга биринчи туру болмокчу.
Шакира 30 жылдык карьерасында "Whenever, Wherever", "Hips Don’t Lie", "Waka Waka", "She Wolf", "Chantaje" сыяктуу атактуу хиттерди жараткан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: