Таш-Рабатка бара турган жолго асфальт төшөлдү
Нарын облусунун Ат-Башы районунда Таш-Рабат кербен сарайына бара турган жолдун 5 чакырымына асфальт төшөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Транспорт жана коммуникациялар министрилиги билдирди.
Маалым болгондой, жалпы узундугу 15 чакырым болгон жолдун 10 чакырымына асфальт төшөө иштери 2027-жылга пландаштырылууда.
"Жолду оңдоо айдоочулар менен жергиликтүү калктын коопсуздугун камсыздоо жана алар үчүн ыңгайлуулук жаратуу максатын көздөйт",- деп белгиленди маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















