Депутат жүрөк кемтиги бар балдардын көйгөйүн көтөрдү
Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров парламенттин 30-сентябрдагы жыйынында жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдарды дарылоо үчүн кошумча оорукана корпустарын курууну сунуштады.
Эл өкүлүнүн айтымында, ар жылы Кыргызстанда 1500-1700дөй бала жүрөк кемтигинин ар кандай түрлөрү менен төрөлөт.
"Бишкекте Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун балдар кардиология бөлүмүндө 20 керебет, жандандыруу бөлүмүндө 6 койка бар. Жылына жүрөк кемтиги бар 300-350 балага операция жасалат",- деди депутат.
Ал Ошто балдар ооруканасынын жанына жаңы корпус курууну сунуштады.
"Баары эле Бишкек шаарына келишет. Кээ бир учурда кезекке тура албай чет элдик клиникаларга барууга муктаж болуп жатышат. Борбордун Жал кичи районундагы Эне жана баланы коргоо борборуна дагы кошумча корпус куруу зарыл. Жаңы адистерди даярдоо керек",- деди эл өкүлү.
Депутат жүрөк кемтиги бар балдардын көйгөйүн көтөрдү
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















