super.kg logo
  Саясат  

"Ата-энелер ызы-чуу". Депутат мектептерде акча чогултуулар болуп жатканын айтты (видео)

 

Бүгүн, 30-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу мектепрде ата-энелерден көмүскө акча чогултуулар болуп жатканын айтты.

"Ата-энелердин WhatsApp тайпаларында ызы-чуулар болууда. Оңдоп-түзөө иштерине, техикалык кызматкердин айлык акысына, борго, самынга, тазалыкка акча чогулткула дешүүдө. Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, билим берүү тармагында 2,5 миллиард сом ушундай көмүскө акча чогултуулар болот экен.

Президенттин ата-энелерден акча чогултууга тыюу салган жарылыгы чыккан. Бирок ал жарлыкты ишке ашыра турган министрлер чабал болуп жатышат. Тазалыкка болгону 175 миллион сом бөлүнөт экен",- деди эл өкүлү.

Карыбек уулу мектептердин тазалыгына бөлүнө турган акча каражатын кайра карап чыгууну сунуштады. Ошондой эле депутат мектептердеги техникалык кызматкерлердин санын көбөйтүүнү жана алардын маянасын көтөрүү керектигин кошумчалады.






"Ата-энелер ызы-чуу". Депутат мектептерде акча чогултуулар болуп жатканын айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: