Асан Жанышовдун Азия оюндарынын финалындагы атаандашы ким?
Кыргызстандык балбан Асан Жанышов финалда япониялык Тайзо Йошида менен күч сынашат. Бул тууралуу Күрөш федерациясы маалымдады.
Эки балбандын тең эл аралык аренада тажрыйбасы мол. Алар чоңдор арасында Азия чемпиону, U20 дүйнө чемпиону жана чоңдор арасындагы Дүйнө чемпиондугунун коло байге ээси болушкан.
Эми Жанышов менен Йошида алтын медаль үчүн күрөшөт. Финалдык беттеш бүгүн, 30-сентябрда Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.
Эскерте кетсек, Тайзо буга чейин 82 килограмм салмак ченинде күрөшүп келген. Ал эми Асан 87 килограмм салмакта беттештерге катышып келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















