Текебаев Бекназаровго жооп кайтарды
Өлкөнүн Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев саясатчы Азимбек Бекназаровдун айткандарына жооп берди.
Ал жооп кылууга Бекназаровдун журналист Айбек Теңизбайга берген маеги себеп болгонун белгилеп, бул иште журналисттин жоопкерчилиги да бар экенин билдирди.
"Бекназаров "Текебаев Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевге биринчи президент деген статус берип, кол тийбестик кепилдиктерин жазып, Конституцияга бир глава кылып киргизип берген. Ошол кызматы үчүн ал 2003-жылы Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи деген наам алган" дептир. Бекназаров кызып кеткенде тилине алы жетпей калчу эле. Айтса айтыптыр да деп койдум эле.
Бирок журналист Айбек Теңизбаевге талап башкача болушу керек. Подкаст түз эфирде чыккан жок. Ал бир нече күн монтаждалды. Демек, айтылган маалыматты текшерүүгө толук мүмкүнчүлүк болгон. Анын үстүнө мындай маалыматты интернеттен бир мүнөттө эле таап, тактап койсо болот. Фактылар болсо жөнөкөй. Биринчиден, сөз болуп жаткан Конституция 2003-жылдын февралында кабыл алынган. Референдумга коюлган долбоор президент Аскар Акаевдин редакциясында сунушталган.
Экинчиден, мага Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи деген ардактуу наам 2003-жылы эмес, 1999-жылдын апрель айында берилген. Бул эки окуянын ортосунда дээрлик төрт жыл бар. Ошондуктан төрт жылдан кийин болгон окуя үчүн төрт жыл мурда сыйлык алган деп айтуу логикага да, акылга да, жөнөкөй хронологияга да сыйбайт. Кыргызда "тилде сөөк жок" дешет эмеспи. Бир депутат аны тескерисинен айтып, "сөөктө тил жок" деп күлкү болду эле, Бекназаровдун төрт жыл мурдагы сыйлыкты төрт жылдан кийинки окуяга байланыштырганы ал депутаттыкынан да өтүп кетти",- деп жазды Текебаев соцтармактагы баракчасына.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















