Окуучуларды сүзүп кете жаздап... Ноокатта үрөй учурган жол кырсыгы катталды (видео)
Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айылында 29-сентябрда саат 18:10 чамасында жол кырсыгы катталды. Окуянын видеосу интернет желесине тарады.
Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү кабарлагандай, 21 жаштагы айдоочу Daewoo Matiz унаасын башкарып бара жатып рулга ээ боло албай, жолдон чыгып кеткен. Унаа бир нече жолу оодарылып, жол жээгиндеги балдарды жана аялдарды сүзүп кете жаздады.
Жол кырсыгынан айдоочу жана жүргүнчү жаракат алган эмес.
Окуучуларды сүзүп кете жаздап... Ноокатта үрөй учурган жол кырсыгы катталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















